Кыргызстанда доллардын наркы өсүүдө

10:21, 03 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Кыргызстанда доллар бир жумада 40 тыйынга кымбаттады. Белгилей кетсек, АКШ валютасы сомго карата үч аптадан бери тынымсыз өсүп жатат.

Бүгүн акча алмаштыруу жайлары аны 69–69,25 сомго сатып алып, 69,4-69,6 сомго сатууда.  

Акыркы жумада Россиянын рублу дагы 20 тыйынга кымбаттады. Бүгүн аны 1,15 -1,16 сомдон сатып алып, 1,18-1,12 сомдон сатууда.