Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы көпүрөнү эки айда ишке киргизүүнү тапшырды

14:57, 30 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы көпүрөнү эки ай ичинде оңдоп, ишке киргизүү буйругун берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда премьер-министр Нарын облусуна болгон сапары учурунда Ак-Таала районундагы «Акталчат-Казарман» автожолундагы көпүрөнүн абалы менен таанышкан.

Көпүрө өткөн кылымдын 60-жылдары салынган. Узундугуг 140 метр. Март айында суу көпүрөнүн тирөөчүн алып кеткен. Транспорт жана жол министрлиги көпүрө бузулуу алдында тургандыктан, аны жапкан.

Өкмөт башчысы менен жолугушууда жергиликтүү тургундар ары-бери жүрүүдөн кыйналып жатканын айтышты. Сооронбай Жээнбеков өкмөт көпүрөнү оңдоого керек болгон 5 миллион сомду бөлүп берерин билдирди. Транспорт жана жол министрлигине эки айда ишти аяктап, жолду ачууну тапшырды.