Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарын жалкоолонбой иштөөгө чакырды

11:27, 30 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарын жалкоолонбой иштөөгө чакырды. Бул тууралуу президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

Ал өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиарддан ашкандыгы боюнча нараазы пикирлер айтылып жаткандыгына токтотулуп, эми сырттан жардам албай иштөөгө мезгил келгенин айтты.

«Алты жылдан бери тыштан карыз эмес, грант түрүндө 3 миллиард доллар алдык. Насыя эмес, грант. Айрым долбоорлор узак мөөнөттүү. Азыр аскерлердин кийген кийимине чейин жардам иретинде келип жатат. Мен кеткенден кийин мындай көмөк болобу-жокпу билбейм», — деди президент.