09:22, 30 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Темир Сариевдин шайлоо штабын Элмира Ибраимова жетектеди. Бул тууралуу «24.kg» агентигине «Ак-Шумкар» партиясынын билдиришти.
Партиядан Элмира Ибраимованын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасына жана коомдо, саясый элитадагы аброюуна карай ишеним артышканын белгилешти.
Элмира Ибраимова мамлекеттик кызматтын ар кандай тепкичтерине эмгектенген. Элчи, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр, эсептөө палатасынын төрайымы болгон.