Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетти

08:54, 30 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Жогорку  Кеңеш адаттагыдай эле эки айга жайкы эс алууга кетти. Кечээ депутаттар акыркы отурумун өткөрүп, соңунда гимн менен жыйынтыкташты.

Эскерте кетсек, алтынчы чакырылыш 2015-жылы 4-октябрда шайланган. Парламентте алты фракция бар. 

Учурда бир депутаты -  «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын камагында. Дагы бир депутаты - Канат Исаевге каршы кылмыш иши козголгон. 

Алдыдагы президенттик шайлоого парламенттин үч депутаты аттанары белгилүү. Алар -  «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев,  «Өнүгүү -Прогресс»  фракциясынан Бакыт Төрөбаев,  «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.