Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду «Дастан» заводуна насыя берет

14:28, 29 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду «Дастан» заводуна насыя берет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн заводдун иши менен танышуу учурунда фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматовго тапшырма берди.

Заводдун башкаруу кеңешинин төрагасы Юрий Васильев президентке жабдууларды жаңылоо жана кубаттуулугун күчөтүү үчүн каражат жетишсиздигине арызданган.

Завод учурда элдик керектөөгө багытталган товарларды, медициналык жабдууларды чыгарат.