Баткен облусунда кызыл китепке киргизилген эчкемерди 2 миң сомдон сатышат

10:58, 29 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Баткен облусунда кызыл китепке киргизилген эчкемерди 2 миң сомдон сатышат. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары маалымдайт.

Баткен облусунун Таян айылында болгон туристтер кармалган эчкемерди сүрөткө тартып алышкан.

Маалыматка караганда, ал 2 миң сомдон сатылат. Социалдык тармактын колдонуучулары эчкемерди коргоого алуу сунушун көтөрүүдө.