«Кыргыз-деңизи» санаториясы шашылыш 5 тонна эт сатып алат

09:40, 29 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

«Кыргыз алтын» ишканасынын карамагындагы «Кыргыз деңизи» санаториясы шашылыш 5 тонна эт сатып алат. Бул боюнча мамлекеттик сатып алуу порталы маалымдайт.

Санаториянын жетекчилиги жогорку сапаттагы уйдун этин сынаксыз эле түз сатып алмакчы. Ага 1,2 миллион сом бөлүндү.

Кардар 5 тонна этти үч күн ичинде жеткириши зарыл. Санатория акчаны банк аркылуу 30 күндө котормокчу.