Facebook колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти

09:02, 29 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Facebook социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти. Бул тууралуу 27-июнда компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.

«Баарын кошуу үчүн дагы узак жол басып өтүшүбүз керек. Бирок кошуп эле койбой, адамдардын бири-бирине жакын болушун камсыздашыбыз зарыл» — деп жазды Цукерберг.

2012-жылы октябрда, компаниянын негизделгенине сегиз жыл болгондон кийин Facebook түйүнүнүн колдонуучуларынын саны бир миллиардды түзгөн. Компания экинчи миллиардды беш жылга жетпеген мөөнөттө камсыздады.

Facebook — дүйнөдөгү ири жана таасирдүү социалдык түйүн. Компаниянын капиталы $433,5 млрд долларды түзөт. Компанияда 18770 киши иштейт, орто эсеп менен бир күндө социалдык түйүнгө 1,28 млрд киши кирет. Ошол эле маалда алардын 85,8 пайызы АКШ менен Канададан башка жактарда жашашат.