Казакстан «Маймак» станциясынын ижара акысын төлөбөй келет

15:03, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Казакстан «Маймак» станциясынын ижара акысын төлөбөй келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Рыскелди Момбеков Кыргызстан «Луговой» станциясынын ижара акысын үзгүлтүксүз берип жаткандыгына карабай, Казакстан Таластагы «Маймак» станциясын колдонгондугу үчүн акча төлөбөй келе жаткандыгын айтты.

Ал бул маселени чече албаган «Кыргыз темир жолунун»  жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алууну сунуштады.