Өзбекстандан күйүүчү майды темир жол менен ташуу талабы айтылды

12:36, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Парламент депутаттары Өзбекстандан күйүүчү май автоунаа менен ташылып келип жатканына нараазы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майды темир жол аркылуу гана алып келиш керек. 

«Бирок Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине кирбегендиктен алар менен өзүнчө темир жол акысын иштеп чыгыш керек», - деди транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.