Кыргызстанда дагы бир террордук топ кармалды

11:26, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда дагы бир террордук топ кармалгандыгын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар колдо жасалган жардыруучу зат менен чек арага жакын райондордо бир катар теракттарды пландашкан. 

Фото

Төрт жаран камакка алынып, кылмыш иши козголду. УКМК алардын кайсы террордук топтун мүчөсү экендиги жана өздүгү тууралуу маалымдабайт.