41 медиа шайлоодо талапкерлерди үгүттөөгө уруксат алды

09:54, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Борбордук шайлоо комиссиясы 41 медианы каттоого алып, шайлоо жараянына катышууга уруксат берди.

БШКнын билдирүүсүндө, 16 телеканал, 10 радио, 10 гезит жана 5 интернет басылма катталды. Дагы 46 медианын арызы кайтарылды.

Шайлоону чагылдырууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары 4-июлга чейин арыз бериши керек. Чет элдик медиа дагы БШКдан каттоодон өтсө гана үгүттөй жана маалымдай алат.