USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкек шаардык балдар оорууканасына бир жылда 175 миң бала кайрылат

Анастасия БЕНГАРД
17:55, 27 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык балдар оорууканасына бир жылда 175 миң бала кайрылат.  Алардын 85 миңи ар кандай жаракат менен келишет. Бул тууралуу №3 ооруукананын башкы даарыгери Талант Өмүрбеков билдирди. 

Анын айтымында, оорууканада даарыгерлер жетишпейт.

«Эгер мурда күзөт топ 6-7 кишиден турса, азыр ондон ашык кызматкерди калтырабыз. Ар бир палатада 1-2 бала жатыш керек болсо, бизде жетөө», —дейт Талант Өмүрбеков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Жогорку Кеңеш Бишкек шаарында дагы бир балдар оорууканасын куруу боюнча маселени кароодо. Ага Сауд Арабия фонду 30 миллион доллар бөлөт. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика