Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа сууга түшүп кетти

15:37, 27 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, бүгүн Токтогул районунда, Бишкек-Ош жолунун 210-чакырымында «Мерседес» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып, сууга түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон.

ӨКМдин куткаруучулары айдоочуга жана жүргүнчүгө жардам көрсөтүшкөн.