Карганбек Самаковдун соту кайра башталды

11:51, 27 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Мурдакы депутат Карганбек Самаковдун соту кайра башталды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине анын жактоочусу Дастан уулу Улан билдирди.

Эскерте кетсек, сот акыркы жолу 28-мартта өткөн.

Карганбек Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 2015-жылы 262 гектар айыл чарба жерин мыйзамсыз түрдө менчиктештирип, үй курууга саткандыгына айыпталууда. Башкы прокуратура 19 жыл эркинен ажыратууну сураган. 

Келерки жылы 11-июлда өтөт.