04:07
+27
USD 68.71
EUR 80.62
RUB 1.16
Кыргызча

Аргентинада жашаган немец өзүн Гитлер деп жар салды

Аргентинада жашаган 128 жаштагы немец өзүн Адольф Гитлер деп жар салды. Бул тууралуу  «El Patriota» гезитине билдирген.

Анын айтымында, акыркы 70 жылдан бери аты-жөнүн жашырып жашап келатат. Израилдин атайын кызматтары Дүйнөлүк экинчи согуштун күнөөкөрлөрүн издөөнү токтоткондон кийин өздүгүн ачыктоону чечкен.

Герман Гутенберг, бирок Гитлердин кылмыштарын мойнуна албайт. Анын пикиринде, Германия согушту жеңгенде ал кылмыштарга көз-караштар башкача болмок.

Айтмакчы немецтин билдирүүсүнө анын аялы ишенбейт. Бирок, аялы 55 жылдан бери чогуу жашаган күйөөсүнүн кандайдыр бир аскердик кылмыштарга аралашышы мүмкүндүгүн божомолдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар