01:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткенде шахтыда газга ууланып 30 жаштагы куткаруучу мерт кетти

Баткенде шахтыда газга ууланып 30 жаштагы куткаруучу мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта, кырсык 26-июнь күнү ӨКМдин куткаруучулары «Эркин кен» шахтасына тосмо орнотуп жатканда болгондугу айтылат.

Набыт болгон 30 жаштагы куткаруучу Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну. Анын жанындагы 20 жаштагы куткаруучу облустук ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу экендиги кабарланат.

Буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар аны өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар