Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн экөө оор абалда. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Бишкек шаарындагы Жаракат жана ортопедия илимий-иликтөө борборунан билдиришти.
Алардын маалыматында, экөөнүн абалы өтө оор, дагы бирөө оор абалда. Дагы үчөө күйүк бөлүмүндө жатат.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнь күнү газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, экөө жайында мерт кетип, бирөө оорууканада каза тапты. Жаракат алгандардын алтоо өткөн аптанын аягында Бишкекке которулган.