Бүгүндөн баштап ажыга жөнөгөн зыяратчыларды эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.
Маалыматта сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөө Бишкектин № 10 бейтапканасында, облустардын үй-бүлөлүк даарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөрү айтылат.
Эмдөө 20-июлга чейин жүрөт. 4 миң 585 зыяратчынын баары эмдөөдөн өтүшү шарт.