Ажыга жөнөгөн зыяратчыларды эмдөө башталды

09:42, 27 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Бүгүндөн баштап ажыга жөнөгөн зыяратчыларды эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматта сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөө Бишкектин № 10 бейтапканасында, облустардын үй-бүлөлүк даарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөрү айтылат.

Эмдөө 20-июлга чейин жүрөт. 4 миң 585 зыяратчынын баары эмдөөдөн өтүшү шарт.