17:32, 23 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө «Гольф үлгүсүндөгү (S3262G - мамлекеттик номуру) унаа даракты сүзүп алган. Куткаруучулар кыпчылып калган эки адамды алып чыгышып, 1987-жылы туулган айдоочусун облустук ооруканага жеткиришкен. Жанындагы жүргүнчү аял (аты-жөнү такталууда) каза болгон.