Мамлекеттик бюджеттин кирешеси ашыгы менен аткарылды

12:28, 23 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

5 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 102 пайызга аткарылып, 53 миллиард 980,7 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлайт.

Мында ашыкча аткарылган сумма 1 миллиард 81 миллион сомго барабар. Бирок, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 3,6 пайызга, же 1 миллиард 859 миллион сомго аз.

Мында салыктан 38 миллиард 661 миллион сом түшүп, былтыркыга салыштырмалуу 10,8 пайызга өстү.