Москвада эки кыргызстандык набыт болду

09:16, 23 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Москвада эки кыргызстандык набыт болду. Бул боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, Москванын батышынын агынды суулар топтолгон кудукта иштеп жатып 5 киши мерт кеткен. Алардын экөө Кыргызстандык.

Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Каза болгондордун өздүгү такталгандан кийин гана кыргызстандыктар жөнүндө маалымат берилет.