09:16, 23 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Москвада эки кыргызстандык набыт болду. Бул боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.
Маалыматка караганда, Москванын батышынын агынды суулар топтолгон кудукта иштеп жатып 5 киши мерт кеткен. Алардын экөө Кыргызстандык.
Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Каза болгондордун өздүгү такталгандан кийин гана кыргызстандыктар жөнүндө маалымат берилет.