17:04
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Аялдар укук коргоо органдарына кызматка оңой орношо албайт

Мекенине кызмат өтүүнү каалаган аялдардын баары эле укук коргоо органдарына кызматка орношо албайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдын айтымында, ар бир министрлик ички эрежесине ылайык аялдарды кызматка алат.

«ИИМдин борбордук жана облустук аппаратында иштегендердин 40–45 пайызы аялдар. Өлкө боюнча милиция 12 пайызын аялдар түзөт. Мисалы, кээ бир аймактардын шартты катаал болгондуктан аларга иштөөгө кыйын. Мисалы, Алайда» — деди Курсант Асанов.

Министрдин орун басары, ИИМдин академиясында, тергөө башкармалыктарында жумушка алууда жынысына карата чектөө жоктугун кабарлады.

Эң көп окулган жаңылыктар