Беш ай ичинде 3 миң 119 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

16:51, 22 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Үстүбүздөгү жылдын беш айында 3 миң 119 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште ички иштер министринин өкүлү билдирди.

Анын айтымында, 109 жолу аялдарга коргоо ордери берилген. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 100 кылмыш иши козголгон. Үйдөгү чыр эки жолу адам өлүмүнө алып келген.