07:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалды

30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өздүк булактар билдиришти.

Буга чейин Дастан Догоев төраганын орун басары катары «Инфоком» мамлекеттик ишканасын көзөмөлдөп келген.

Эскерте кетсек, бул орунда олтурган Тайырбек Сарпашев өткөн жумада премьер-министрдин буйругу менен бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар