04:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаев кызматынан кеткенден кийин кыргыз тилин өнүктүрүү менен алектенет

Алмазбек Атамбаев кызматынан кеткенден кийин кыргыз тилин өнүктүрүү менен алектенет. Бул тууралуу ал бүгүн Москвада мекендештер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда профессеор Марклен Коңурбаев мектептерде кыргыз тили менен бирге англис тилин окутуу сунушун көтөрдү. Ага президент быйыл англис сабактарынын сааты көбөйүп жатканын кабарлады.

«Англис тилин үйрөнүү кыйын эмес. Мен мисалы интернеттен үйрөндүм. Пазл инглиш деген жакшы программа бар» — деди ал.

Президенттин айтымында, ал эс алууда кыргыз тили, тарыхы жана маданияты менен алектенет.

«Биздин тил өтө бай. Англис тили күтө турат. Кыргыз тилинин-деңгээлин жана аброюн көтөрөлү. Мезгили келет баары кыргыз тилинин улуулугун түшүнөт», — деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, учурда Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик сапар менен жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар