Бишкек экспаттар үчүн арзан шаарлардын үчилтигине кирди

10:23, 22 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Елена ХОХЛОВА

Чет өлкөдө иштөөнү эңсегендер үчүн Бишкек эң арзан шаар катары сунушталат. Бул боюнча Mercer эл аралык компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.

Иликтөөдө азык-түлүк, буюм-тайым жана коопсуздук наркы эсептелген. Чет элдиктер үчүн кымбат шаар Луанда. Мында биринчи ондукка Гонконг, Токио, Цюрих, Сингапур, Сеул, Женева, Шанхай, Нью-Йорк жана Берн кирген.

Бул тизмеде акыркы орундарга Скопье (207), Бишкек (208) жана Тунис (209) жайгашып, эң арзан калаа экендиги аныкталган.