20:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керек болгон акчанын 40 пайызын гана алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир жылга керек болгон акчанын 40 пайызын гана алат. Бул тууралуу министр Кубатбек Боронов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мекемеге бир жылга 4 миллард сом талап кылынат. Бирок, 1 миллиард 800 миллион сом гана бөлүнүп, калганы чукул кырдаалда гана бөлүнөт.

Министр каражаттын көпчүлүк бөлүгү кырсыктан кийинки жумуштарга бөлүнүп, алдын-алууга аз өлчөмдө акча берилерин айтат.

«Мисалы, зыяндуу калтыктар көмүлгөн 52 жердин коргоого эмес, аларды кароого гана акча тийет. Жалпысынан 13 миллион сом, ошондо бир зыяндуу калтыктар көмүлгөн жерге берилген акча 1,5 миллионго дагы жетпейт», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар