Кыргызстан ЕАЭБтин техникалык регламенттин ишке ашырууга даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.
Анын айтымында, 12-августа күчүнө кире турган Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттин ишке ашырууга Кыргызстан 100 пайыз даяр эмес. Анткен менен айрым тармактар регламенттин талаптарына жооп бере алат.
Депутат Улан Примов, убагында даярдык көрө албаган аткаминерлерди жоопко тартууну сунуштады.
Эскерте кетсек, 12-августта ЕАЭБдин жеңил өнөр жай жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы 18 техникалык регламентти ишке кирет. Анын талаптарына жооп бербеген ишканалар жана алардын чыгарган товарлары уюмдун аймагында гана эмес, ички базарда дагы сатылбайт.