Астана абамайданы Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүлдү

10:18, 21 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Астана абамайданы Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн токтому жергиликтүү гезитке жарыяланды.

Нурсултан Назарбаев азырынча Казакстандын биринчи жана жалгыз президенти. Ал өлкөнү 1989-жылдын 22-июнунан, 28 жылдан бери башкарып келет. Анын «Елбасы» деген расмий наамы бар. 2012-жылы Казакстандын баатыры болгон.