17:43
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Атамбаев Россия менен ынак мамилени өзүнүн башкы жетишкендиги катары көрсөттү

Алмазбек Атамбаев Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эч кандай пикир келишпестик жоктугун билдирди. Бул боюнча эки өлкөнүн президенттеринин журналисттер менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Белгилей кетсек, учурда Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Москвадагы жолугушуулардан кийин ал Татарстан жана Башкырстанга жөнөп кетет.

Президенттин билдирүүсүндө, Россия менен Кыргызстан акыркы 5–6 жылда алаканын бекем пайдубалын орното алды. Эки өлкө ортосундагы ынак мамилени Алмазбек Атамбаев өзүнүн башкы жетишкендиги катары көрсөттү.

«Бул менин сыймыктанып эстей турган ийгилигим. Көзүм өтүп кеткенче унута албайм» — деди ал.

Атамбаевдин айтымында, Владимир Путиндин колдоосу менен Кыргызстанда бир катар соода, экономика жана мамлекеттин коргону мүмкүнчүлүгүн бекемдеген долбоорлор ишке ашты.

Эң көп окулган жаңылыктар