08:56, 21 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Жогорку окуу жайлар 10-июлдан тарта абитуриенттерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Биринчи айланпа 10-15-июлда өтөт. Бул аралыкта абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) алган күбөлүктөрүн тапшырат. ЖОЖ окуу жайга кабыл алына тургандардын тизмесин илет.
Экинчи айланпа 17-22-июлда өтөт. Андан кийин бош орундар калса министрликтин уруксаты менен үчүнчү айланпа 24-29- июлга белгиленет.
Эскерте кетсек, мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы менен, жалпы тесттен кеминде 110, кошумча сабактардан 60 балл алгандар гана кабыл алынат.