Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына, президенттикке талапкерлерге кайрылып, үгүт иштери али баштала электигин эскертти. Ал бүгүнкү жыйынында үгүт иштери 10-сентябрда башталарын айтып, шайлоонун эрежелерин бузбоого чакырды.
Мекеменин билдирүүсүндө, айрым саясый партиялар ЖМКда маалымдоонун чегинен чыгып, үгүттөөгө өттү. Макала, маалымат жана башка материалдар калыс, так жана бейтарап болушу керек.