Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер экстремизм менен күрөшкө тартылган

14:25, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер дагы экстремизм менен күрөшкө тартылган. Бул тууралуу Террорго каршы эл аралык Бишкек форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди.

Анын айтымында, миңден ашык жаштар ИИМдин демилгеси менен түзүлгөн «Интернет-тескөө" долбоорунда иш алып барышат. Алар интернеттеги ачык булактарды көзөмөлдөп, экстремисттик маанайдагы контентти аныктооого көмөктөшөт.

Эрлан Бакиев «интернет-имам» түшүнүгү кеңири жайылгандыгын маалымдады.

«Маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн интернет мамилени жөнгө салган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу зарыл болуп турат», — деди ал.