Боршайком талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу мөөнөтүн белгилей элек

13:05, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Боршайком талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу убагын белгилей элек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, талапкерлердин катталууга документтерин тапшыргандан кийин канча күн ичинде сынакты тапшырышы керектиги тактала элек.

«Мен бул боюнча кун тартибин түзүү үчүн өкмөткө сунуш жөнөтүү демилгемди кесиптештер колдогон жок. Негизинен БШК он күн ичинде талапкерди катташы керек. Демек ушул аралыкта ал сынактан өтөт» — деди Гүлнара Журабаева.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тил сынагын тапшырбаган, же андан өтпөгөн талапкерлер шайлоого катталбайт.

БКШ УКМКнын абагында кармалган Өмүрбек Текебаевди сынактан өткөрүүнү билбей турат.

«Билбейм эми кантишет. Бирок, Текебаев Улуттук тестирлөө борборуна келип, тест тапшыры керек. БШКнын мүчөлөрү компьютерин көтөрүп, УКМКга бара албайт да», — деди ал.

Айта кетсек, быйыл президенттикке ат салышкандардын кыргыз тили мурдакыдай оозеки, же жазуу түрүндө эмес, тест аркылуу аныкталат.

Азырынча, эки талапкер БШКга катталууга документтерин тапшырышты. Бул Назаркул Нышанов жана Өмүрбек Текебаев.