Орозо айт 26-июнга эмес, 25ине белгиленди. Бул тууралуу Мусулмандарынын дин башкармалыгы кечке жуук шашылыш билдирүү таркатты.
Кечээ, алгач 26-июнь Орозо айынын аякташы катары жарыяланган. Бирок, муфтияттын аалымдар кеңеши өткөргөн жыйында биринчи чечим өзгөртүлдү.
Эскерте кетсек, Ыйык рамазан айы 27-майда башталган. Мусулмандар 30 күн орозо кармашат.