11:14, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ
2016-жылы 17 террордук аракет ишке ашпай калган. Бул тууралуу Евразия экономикалык биримдигинин террорго каршы форумунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан террористтерди кармоо боюнча 8 иш чара өткөрүлүп, эл аралык кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалган.
«95 киши жоопко тартылып, курал жана жардыруучу заттар алынган», — деди Темир Жумакадыров.