Ананьево айылындагы жарылууда мерт кеткендердин бири 10 жашар бала

10:20, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Ананьево айылындагы жарылууда мерт кеткендердин бири 10 жашар бала. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Б.В. аттуу 1965-жылы туулган жана 2007-жылы туулган Б.Д. аттуу бала каза болушту.

ӨКМдин билдирүүсүндө, 19-июнда саат 17:22 чамасында өрт тууралуу маалымат түшүп, ал 21:15те толук өчүрүлгөн. Саат 20:45те өрт болгон жерге Чолпон-Ата шаарынын кошумча 1 бөлүм чыгып, өздүк курамдын жана техникалардын жардамы менен газ турган бочкаларды муздатууну уюштурушкан.

Өрт болгон жерде 34 кызматкер, 4 бөлүм тартылган.

ӨКМдин маалыматында, газ толтуруучу жай жеке ишкер Виктор Бориского таандык.

30 тонна цистернасы менен ДАФ, РЕНО, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу, Газель цистернасы менен, 1 женил унаасы күйгөн.