Ананьеводогу жарылуудан жабыркагандарга кан жана дары-дармек керек

09:55, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаардык оорууканага Бишкектен Жаракат жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистери барышкан. Жабыркагандардын абалы бир аз жакшыргандан кийин аларды ордо каалага алып келүү пландалууда.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.