ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жаңы жетекчи дайындалды

16:05, 19 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жетекчи болуп Раим Салимов бекитилди. Ал буга чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Аскат Алиев Кыргызстандын ИИМинин КМШ аймагында Уюшулган кылмыш менен күрөштү тескөө бюросунун директорунун орун басары болуп дайындалды.