12:49, 19 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Өмүрбек Текебаев шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди.
Анын айтымында, партия үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Өмүрбек Текебаевди талапкер катары көрсөткөн. Бирок, ал Боршайкомго өзүн-өзү көрсөткөн жаран катары катталды.
«Конституция боюнча анын толук укугу бар. Биз Өмүрбек Текебаевдин бир эле партиянын масштабындагы лидер эместигин билебиз», — деди Асия Сасыкбаева.
Канатбек Азиздин билдирүүсүндө, Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында олтурса дагы шайлоого катыша алат.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев экинчи болуп, БКШга талапкер катары катталууга арыз берди. Ага чейин «Лига — Антикризис» коомдук фондунун директору Назарбек Нышанов документтерин тапшырган. Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. Шайлоо 15-октябрда өтөт.