2016-жылы кыйноолор боюнча 9 кылмыш иши козголгон

12:08, 19 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

2016-жылы кыйноолор боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу кыйноолордун алдын-алуу Улуттук борбору маалымдайт.

Өткөн жыйылы кыйноолор боюнча 132 арыз түшүп, анын тогузуна карата кылмыш иши козголгон. Борбор 2012жылы көз-карандысыз мамлекеттик орган катары түзүлгөн. Бирок, эки жылдан кийин гана жигердүү иш алып бара баштады. Борбор кызматкерлери жаза өтөө жайларына кокус, администрацияга алдын-ала маалымдабай туруп бара алышат.

Маалыматка караганда, борбор 2016-жылы бир миңден ашык жолу тийиштүү жайларда текшерүүлөрдү уюштурган.