15:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө жүргүнчүнү зордуктаган таксистке соттун өкүмү 27-июнда окулат

Ысык-Көлдө жүргүнчүнү зордуктаган таксистке соттун өкүмү 27-июнда окулат. Бул тууралуу »24.kg» агентигине облустук соттон билдиришти.

Сот сыркоолоп, 14-июнда өтө турган жыйынтыктоочу жыйын, кийинкиге жылдырылды. Айыптоочу тарап 12 жылга эркинен ажыратууну талап кылат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы зордуктоого шектелген таксисты кармаган. Ал анда эч кимге күч колдонбогонун, жүргүнчү кыз өзү акыны төлөй албай макул болгондугун айткан. Ноябрь айында Тоң райондук соту таксисти үч жылга кескен.

Эң көп окулган жаңылыктар