15:08, 16 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Кыргызстанда эне өлүмү азайды. Бул тууралуу эне жана баланы коргоо улуттук борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылы төрөт маалында каза болгондордун саны өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу 23,6 пайызга кыскарган. Бул баардык аймактарда байкалат.
Төрөттөгү өлүмгө биринчи кезекте аялдардын жыныс органдарындагы илдеттер (38, 9 пайыз), андан кийин сепсис (33,3 пайыз) жана кан жоготуу (23,6 пайыз) себеп болот.