04:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Төө-Ашуудагы жолду оңдоого жамгыр жолтоо болууда

Төө-Ашуудагы жолду оңдоого жамгыр жолтоо болууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, оңдоого 80 миллион сом бөлүнгөн. Жолго асфальт төшөө башталган.

«Бирок, аба-ырайы бат бузулуп, жамгыр жаап иш кечеңдеп жатат», — деди Жамшитбек Калилов.

Ал тешиктерди бүтөө иши аяктагандыгын, асфальт эки кабат төшөлөрүн маалымдады.

Эскерте кетсек, айдоочулар жана депутаттар Бишкек-Ош жолунун абалына даттанышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума