Өкмөт жана президенттин иш башкармалыгы 1 миллион сомго планшет сатып алат

09:44, 16 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Өкмөт жана президенттин иш башкармалыгы 70 планшет сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы билдирет.

Анда экраны 9,6 дюйм болгон Android 4.4 (242×149, 5×8,5 миллиметр, ) планшетын сатып алууга республикалык бюджеттен 956,9 миң сом бөлүнгөнү айтылат.

Жарыяда өкмөт мыйзамды бузуп, планшеттин көрсөтмөлөрүнө чейин көрсөткөн (Samsung Galaxy Tab E (SM-T560/SM-T561)).

Өкмөткө абдан зарыл болуп жаткандыктан, аны түзмө-түз келишим түзүү менен сатып алат.