09:23, 16 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО
«Кыргызфильм» мугалимдерге арналган социалдык ролик тартты. Анда бул кесип ээлеринин опол тоодой эмгеги жана келечек жашоонун ачык болуусуна кошкон салымы жөнүндө айтылат.
«Мугалим — бул башкы кесип. Коомдун адептүүлүгү жана маданияттуулугу бул кесип ээлерине байланыштуу. Андыктан, кандай гана кырдаал болбосун мугалимдер адамгерчиликти жоготпошу шарт», — дейт.